Ссылки доступа

Чет элдик сойкуларды Орусиядан чыгаруу сунушталууда


Орусияда депутаттар чет элдик сойкуларга айып пул салуу гана эмес, аларды өлкөдөн чыгаруу демилгесин көтөрүштү. Эл өкүлдөрү бул сунушту мыйзамга киргизүү керектигин айтышууда.

Орус полициясынын маалыматы боюнча, өлкөдө ар бир төртүнчү сойку башка мамлекеттин жараны. Негизинен Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Нигерия, Молдова жана Камерундан келгендер басымдуу.

Байкоочулар сойкулук менен алектенген өзбекстандык кыздардын саны көбөйүп жатканын баамдашып, муну бул өлкөдөгү оор экономикалык абал жана руханий, адеп-ахлактык кризис менен байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG