Ссылки доступа

Кыргызстанда орусиялык пропаганданын таасири жогору бойдон калууда


Кыргызстанда орусиялык пропаганда дале жогору болууда. Бул тууралуу "Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби" уюму тараткан билдирүүдө айтылат.

Аталган уюм былтыр Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарында дискриминация жана душмандашуу тили канчалык колдонулганын изилдеп чыккан. Жыйынтыгында ксенофобия, исламофобия жана гомофобия сыяктуу көрүнүштөр мурдагыга караганда көбүрөөк байкала баштады, орус пропагандасы күчөөдө, социалдык түйүндөрдө агрессия көбөйдү деген тыянакка келген.

Ошол эле учурда, уюмдун пикиринде, орусиялык пропаганданын таасири жогору бойдон калып жатканына кабарастан жергиликтүү журналисттер жана колдонуучулар аудиторияга альтернативдүү маалыматты көбүрөөк берүүгө аракеттенип жатат.

Исламдан коркуу маанайынын себеби катары Сириядагы согушка азгыруу учурлары көбөйгөнү аталууда. Ал эми гомофобия кумсалар тууралуу маалыматты жайылтууга каршы мыйзам долбоорунун тегерегиндеги талкуулардан улам күчөгөнү айтылды.

XS
SM
MD
LG