Ссылки доступа

Өзбекстандык армяндын адвокаты лицензиядан ажырады


Жизак облусунда армян тектүү фермер Арамаис Авакяндын адвокатынын лицензиясы алынганы кабарланууда.

Фермердин энеси Флорка Сакунц адвокат Алим Кабилов баласынын укуктарын коргогонуна байланыштуу жумуштан айдалды деп эсептейт.

Өзбекстандык көз карандысыз журналист Улугбек Хайдаров адвокаттын өзү менен телефондон байланышканда, ал лицензиясынан ажыраганын ырастап, бирок мунун себептерин айткан жок.

«Арменпресс» агенттигинин дыйкандын 14 жылга абакка кесилгени тууралуу маалыматы тастыктала элек. Өкүм азырынча чыгарыла электиги белгилүү болду.

Балык чарба ишканасынын кожоюну, 33 жаштагы Арамаис Авакян менен анын 4 кызматкери былтыр 4-сентябрда дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк аларды Улуттук коопсуздук кызматы кармап кеткени ачыкка чыккан. Аларга бир катар кылмыштарга барган, 1980-жылы орнотулган жер алдындагы түтүктөрдү уурдап, сатып жиберген жана өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топ менен байланышы бар деген айып коюлган.

Бирок Авакяндын үй-бүлөсү тагылган күнөөлөрдү жалган жалаа катары баалап, фермердин камакка алынышын жергиликтүү бийлик менен болгон пикир келишпестик менен байланыштырууда. Алардын билдирүүсүндө, тараптардын жаңжалы Жизак облусунун Пахтакор районундагы балык фермасынан улам жаралган. Район акими Гафур Каршибаев аны мыйзамсыз түрдө тартып алууга аракеттенген.

XS
SM
MD
LG