Ссылки доступа

Элизабет Турсынбыева коло медалдын ээси болду


Норвегиянын Лиллехаммер шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы кышкы олимпиада оюндарында казакстандык фигурист Элизабет Турсынбаева коло медаль алды.

Негизги программаны аткаргандыгы үчүн ал 108,77 упай топтоду.Буга чейинкыска мөөнөттүк программада 59,11 упайга ээ болгон. Жалпы жыйынтыктар 167,88 упайды түздү.

Алтын менен күмүш орусиялык фигуристтер Полина Цурская (186,04) менен Марина Сотскованын (169,50) энчисине тийди.

Лиллехаммердеги оюндарда Казакстан ушуну менен экинчи жолу сыйлык алды. Ага чейин биатлон боюнча спортчу Арина Пантова 6 километрлик спринтте коло медаль тагынган. Олимпиада оюндары 21-февралда жабылат.

XS
SM
MD
LG