Ссылки доступа

Казакстан: учкуч менен байланышкан жаңжал эл аралык деңгээлге чыкты (видео)


«Казавиаспас» акционердик коомунун мурдагы учкучу Валерий Севостьянов сот чечими менен Германияда окуп келгени үчүн сарпталган 8 миллион теңгени (20 миң евро) ишканага кайтарып бериши керек.

2011-жылы Севостьянов 130 миң евролук 5 жылдык келишим түзүп, «Еврокоптер-145» тик учагын башкарууну үйрөнүү үчүн Германияга окууга кеткен. Үч жыл өткөн соң айлык убагында берилбегенин жүйөө келтирип, жумуштан арыз жазып чыгып кеткен. 1,5 жылдан кийин ишкана аны сотко берип, окуусуна корогон 8 миллион теңгени кайтарып берүүнү талап кылган. Учкуч бул акча кайдан чыкканын изилдөөгө киришип,териштирүү эл аралык деңгээлге чейин чыкты.

Германиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учкучтар академиясында Севостьянов окуган курстун баасы 1200 евро гана турары белгилүү болгонун айткан учкуч сотко кайрылды. «Казавиаспас» ишканасынын башчысы Малик Досымбеков болсо бул маалыматтарды четке кагып, учкучтун окуусу үчүн жумшалган акчалар тууралуу документтер бар экенин айтууда.

Ал ортодо франциялык «Ле Монд» гезити Казакстанга 45 жаңы «Еврокоптерлердин” алынып келиниши жана Астананын жанындагы 2 миллиард еврого бааланган тик учактар өндүрүшү тууралуу изилдөөсүн жарыялады. Басылманын маалыматы боюнча, Франциянын мурдагы президенти Саркозинин жакындары бул келишимден 300 миң евро пайда көргөн. Адистердин айтымында, француз бийликтери Казакстандын аткаминерлери аркылуу бельгиялык тергөөчүлөргө басым кылышкан. Жыйынтыгында Бельгиянын тергөө органдары Казакстан президенти Назарбаев менен тыгыз байланышкан эки адамга жана казак тектүү Бельгиянын жараны Фаттах Шодиевге козголгон кылмыш ишин токтотуп, 23 миллион евро айып пул салуу менен чектелген.

Февралдын аягында Севостьяновдун иши боюнча соттук териштирүүлөр башталат. Ал өзүнө козголгон кылмыш ишинин максаты дайынсыз корогон миллиондон акчалардын изин жашырууну көздөй турганын кайталоодо.

XS
SM
MD
LG