Ссылки доступа

Кыргызстанда абактарда сакал коюуга тыюу салынды


Жаза аткаруу кызматы билдиргендей, ички эрежелерге ылайык, абактагыларга мындан ары сакал-мурут коюуга уруксат берилбейт.

Ага көнбөгөндөрдүн сакал-муруттарын күчтөп алдырышууда. Укук коргоочулар бул аракет адам укугун бузарын айтып жатат.

Түрмөдө отургандардын сакал-мурутун күчтөп алдырып жатышат деген маалыматты эң оболу “Борбор Азиядагы адам укугу” ассоциациясы деп аталган уюм айтып чыкты. Анда мындай көрүнүш өткөн жылы күзүндө №50 абакта болгон кандуу окуядан кийин башталганы, эми болсо бардык түрмөлөргө жайылганы айтылат.

Жаза аткаруу кызматы болсо укук бузулуп жатканы тууралуу айтылгандарды четке кагууда. Аталган кызматтын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын берген түшүндүрмөсүнө ылайык, азыр ички эрежелер боюнча талап күчөдү:

“Биз буга чейин түрмөдө отургандарга атайын форма кийгизип, башка да талаптарды коё алчу эмеспиз. Азыр өкмөттөн акча бөлүнүп, биз алардын ич кийиминен тарта бут кийимине чейин берип, чачын, сакал-мурутун алдыртып, жаңы ачылган режимдик корпустарга көчүрүп жатабыз. Бул алардын укугун чектегенге жатпайт. Биз мыйзам чегиндеги нерсени гана талап кылабыз. Эгер биздин талапты укпаса, анда ал ички режимди бузуп жатат дегенди билдирет. Негизи түрмөдө отурганда чачы, сакал-муруту алынган болушу керек. Биз ошол режимди эле талап кылдык. Мажбурлоо деген жок. Баары мыйзам чегинде”,-дейт Сабатарова.

Кыргызстанда түрмөлөр менен диний-экстремизмдин байланышы тууралуу көп эле айтылып жүрөт. Айрым эксперттердин баамында, соңку учурда диний экстремисттер менен уюшма кылмыш топтор камыр-жумур болуп баратат жана алардын байланышы эң ириде абактарда башталат.

Буга чейин диний терроризм-экстремизмге каршы күрөшүү үчүн муфтият менен Жаза аткаруу кызматы биргелешип иштери маалымдалган. Кыргызстанда динзарлардын сакал-муруту, кийген кийими боюнча маал-маалы менен талкуулар болуп турат. Буга чейин хижап, дааватчылардын кийимин тартипке салуу сунуштары айтылганы менен, бирок сакал-мурут койгондорду тыюу өңдүү чаралар болгон эмес.

XS
SM
MD
LG