Чогулгандар өкмөт имаратынын алдына келип, колдоруна “Биз адилеттикти талап кылабыз” деген чакырыктарды көтөрүп турушту. Нааразылык акциясынын катышуучулары баш калаанын чок ортосундагы Орынбор көчөсүн бир канча убакытка бууп турушту. Бир аздан соң демонстранттарды полиция кармап кетти. Эми аларга административдик айып салынмакчы.
Серик Ахметов өткөн жылдын декабрь айында ири суммадагы пара алган деген айып менен он жылга эркинен ажыратылган. Ал 2006-2009-жылдары Казакстандын унаа жана байланыш министри, 2009-2012-жылдары Караганда облусунун акими, 2012-жылы премьер-министрдин орун басары болуп иштеген. Ошол эле жылы Казакстандын өкмөт башчысы болуп дайындалган. Эки жыл министрлер кабинетин жетектеген соң Казакстандын коргоо министри кызматына которулган.
Ахметов 2014-жылдын ноябрь айында бул орундан өз каалоосу менен кетип, бир нече аптадан кийин камалган эле.