Ссылки доступа

Обама: Орусия катачылык кетирүүдө


Башар Асаддын бийлигин колдоо менен Орусия Сирия боюнча саясатта чоң ката кетирүүдө. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама билдирип, Орусия Сирияда сазга тартылып жатканын айтты.

Барак Обама Сирия боюнча Путин менен атаандашпай турганын да белгиледи. Анын баамында, бүгүнкү күндө толук талкаланып калган мамлекетти өнөктөш катары колдоп, миллиарддаган доллар сарптоо менен Орусия эмне табат деген суроо кабыргасынан коюлууда.

Ошондой эле Сириядагы баскынчылык чабуулдар Москва үчүн өтө кымбатка турарын эскертти.

“Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн Асад көзөмөлдөй албай калды. Бул көрүнүш жакынкы мезгилдерде ошол бойдон, өзгөрүүсүз калат», - дейт Обама.

Мындан тышкары Америка президенти Сирияда тынчтыкка жетишүүгө Кремлдин аракеттери жолтоо болуп жатканын кайталады. Орусия соңку учурдагыдай аба сокуларын уланта берсе, сириялык оппозиция салгылашты токтотууга макул болбой турганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG