Ссылки доступа

Тажик президентинин уулу спорт тармагында дагы бир кызматка дайындалды 


Тажикстанда президенттин уулу Рустам Эмомали азыркы учурда Жемкордукка каршы күрөшүү жана каржы көзөмөл боюнча мамлекеттик агенттикти, Футбол федерациясын жетектеп келет. Эми ал Азия олимпиада кеңешинин мүчөсү болуп дайындалды.

Бул тууралуу аталган кеңештин башчысы, шейх Ахмад Ал-Фахад Ал-Сабонун Тажикстандын олимпиада комитетине жолдогон расмий катында жазылган.


15 комитеттин 2019-жылга чейин бекитилген тизмесине Рустам Эмомали менен чогу Тажикстандан дагы 2 өкүл кирген. Алар Тажикстандын Олимпиада комитетинин башкатчысы Бахрулло Ражабалиев менен Улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси Мухаммадшо Абдуллоев.
Жакында эле Рустам Эмомали көпчүлүк добуш менен Футбол федерациясынын президенти болуп кайра шайланган. Ал аталган мекемени төрт жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG