Ссылки доступа

Анкарада жардыруудан 30га чукул адам набыт болду


Түркиянын баш калаасы Анкарада аскерий жатакананын тушунда катуу жардыруу болду.

Окуя парламент жана башка бир катар өкмөттүк имараттар жайгашкан райондо катталды. Түрк бийликтеринин соңку маалыматы боюнча жардырууда кеминде 28 киши жан бергени, жарадарлардын саны 60тан ашканы кабарланды. Бул тууралуу премьер-министрдин орун басары Нуман Куртулмуш билдирди. Жергиликтүү полиция бомба унаага коюлган болушу мүмкүн деп боолгоп жатат.

Жардыруу болгон жерде Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн баш кеңсеси, парламент жана башка бир катар өкмөттүк имараттар жайгашкан.

Президент Режеп Эрдоган Азербайжанга, премьер-министр Ахмет Давутоглу Брюсселге пландаган сапарларын токтотушту.

Өкмөт башчынын орун басары Бекир Боздаг Твиттерде жардырууну теракт деп атады. Түркиянын борборунда былтыр 10-октябрь күнү кесиптик кошуун уюмдарынын террорчулукка каршы митингинде борбордук темир жолдун жанында болгон эки жардыруудан жүздөн ашуун киши каза тапкан. Премьер-министр Ахмет Давутоглу теракт уюштургандар Сириядагы согушка катышып келгенин, “Ислам мамлекети” террордук тобу же күрт согушкерлери менен байланышы барын айткан эле.

XS
SM
MD
LG