Ссылки доступа

Кыргызстанда динаятчыларга светтик билим берүүнүн стандарты иштелип чыкты


Кыргызстанда диниятчыларга светтик негизде билим берүүнүн стандарты иштелип чыгып, тажрыйба иретинде колдонула башталды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевдин айтымында, президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин теология факультетинин базасында атайын коллеж уюшулду. Жакында анын расмий ачылышы болот.

- Араб, түрк, англис тилин жакшы билип, сүйлөй алган, ханафи мазхабын жана матуруди ишенимин терең билген, светтик билими бар кадрларды, мусулман интеллигенциясын даярдап чыгаруу керек болуп жатат. Азыркы ахыбалды көрүп турасыздар. 72 медресе аттестацияга документин берген, анын анча-мынчасы эле жарай турган болууда.

Молдалиевдин белгилешинче, учурда коллежде медреселерден тандалып алынган 28 бала билим алууда.

Бул пилоттук долбоор болгондуктан үч жылдан кийин кошумча-алымчаларды эске алуу менен бирдиктүү стандарт бекитилет жана диний окуу жай ачуу үчүн министрликтен лицензия алам дегендерге коюлуучу талаптар аныкталат.

Теологиялык коллежди бүтүргөндөр 11 класстын аттестатын жана медресенин дипломун алат. Кааласа мечитте имам болуп иштей алат же светтик билим алуусун улантып кете берет. Жакшы окугандар теологиялык факультеттерге сунушталат. Аны бүткөн соң райондук имам-хатиб деңгээлинде жете алат. Андан ары муфтияттын жетекчи кадрларын даярдоо институтуна өтүү мүмкүнчүлүү ачылат.

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Орозбек Молдалиевди кабыл алып, өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулады.

XS
SM
MD
LG