Ссылки доступа

АКШ: Орусия Сириядагы аба соккуларын токтото элек


Сирияда тынчтык орнотуу боюнча макулдашууга карабай Орусия күчтөрүнүн аба соккулары уланууда.

Бул тууралуу АКШ армиясынын өкүлү, полковник Стивен Уоррен билдирди. Орусия, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттер Сириядагы согуштук аракеттерди 18-февралдан тарта токтотуу келишимине кол коюшкан.

АКШнын Багдаддагы куралдуу күчтөрүнүн башчысы Стивен Уоррен Москва абадан чабуулду токтотууга камынганы байкалбай жатканын айтып, тескересинче соккулар күч алганын маалымдады.

Кремль Сириядагы операциялар террордук топторду жок кылууга каратылганын белгилейт. Вашингтон жана анын союздаштары Москва соккуларды Сирия оппозициясына уруп жатканын айтууда. Алепподогу бомбалоолордон улам өлкөнүн Түркия менен чектеш аймагына он миңдеген адам качып барды.

XS
SM
MD
LG