Ссылки доступа

Казакстанда жаш баланы өлтүрүүгө шектүүнүн үй-бүлөсү Бурыл айылынан көчүрүлдү (видео)


Бул тууралуу Жамбыл облустук прокуратурасы кабарлап, нааразы болгон эл тараганын билдирди.

Бурыл айылында алты жаштагы баланын өлүмү улуттар аралык чыңалууну жаратты. 17-февралда жүзгө чукул нааразы адам чогулуп, баланы өлтүрдү деп шектелген түрк улутундагы жарандын айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Мындан тышкары чогулгандар камакка алынган казак жигиттеринин бошотуу талабын коюшкан. Жергиликтүү полициянын айтымында Дүйшөнбек аттуу наристенин кыйнап өлтүрүлгөн сөөгү 15-февралда ата-энесинин үйүнөн табылган.

Окуяга байланыштуу айылдын 18 жаштагы тургуну Дурсун Кавазоглу кармалып, ал өз күнөөсүн моюнуна алган. Кылмышкер үйгө уурулук үчүн кирип, кокусунан баланы өлтүрүп алганын айткан. Жергиликтүү түрктөрдүн лидери Дунайдар Абдуллаев кылмышкер жазасын алышы керек деп эсептейт. Ал баланын жакындарына, туугандарына көңүл айтты.

Бурыл айылында 12 миңдей адам жашаса, алардын отуз пайызын түрктөр түзөт.

Село Бурыл: 17 февраля
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG