Ссылки доступа

Стамбулда Умарали Кувватовдун өлүмү боюнча сот башталды


Тажикстандык оппозициялык “Группа-24” тобунун лидери Умарали Кувватовдун өлүмү боюнча Стамбулдагы жараянда негизги эки күбө көрсөтмө беришти.

Алардын бири Сухроб Тураев тажик оппоиционеринин өлүмүн уюштургандардын башында Сулаймон Каюмов турганын айтты. Прокуратуранын маалыматы боюнча, Каюмов былтыр 5-марттын кечинде маркумду үй-бүлөсү менен биргеликте конокко чакырып, Кувватов сый-тамак учурунда өзүн жаман сезип сыртка чыкканда башка атып кетишкен. Күбөлөрдүн айтуусунда, Каюмов дасторкондогу тамактан даам сызган эмес. Айыпталуучу Каюмов да муну моюнга алды.

Стамбул прокуратурасы билдиргендей, Умарали Кувватов тажик бийлигинин куугунтугуна байланыштуу Түркияда башкалкалап жүргөн. Анын өлүмүнө Тажикстандын дагы 5 жаранынын катышы бар экени болжолдонууда. Алардын баары Түркияда эмес.

Тажик Жогорку сотунун чечими менен өлкөдө “Группа 24” уюмунун ишмердүүлүгү мыйзамсыз деп табылып, анын онго чукул мүчөсү ар кандай мөөнөттө эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG