Ссылки доступа

Казакстандын Бурыл айылында кырдаал турукташты


Жамбыл облусунун Бурыл айылында жаш баланын өлүмүнөн кийин чыңалган кырдаал турукташты.

Айылга кирип-чыгууга чектөөлөр алынганы менен киргендердин документтери текшерилүүдө. Көчөлөрдү полиция кайтарууда.

Кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүрүлдү. Алар жашаган турак-жайдын терезелери талкаланды, аны өрттөөгө жол бербөө үчүн тартип сакчылары тыкыр көзөмөлдөп жатышат.

15-февралда бул кыштакта алты жаштагы бала бычакталып өлтүрүлгөн соң улут аралык жаңжал тутанган. Маркум баланын казак, кылмышка шектүүнүн түрк улутунан болуп чыгышы 17-февраль күнү ондогон жаалданган адамдарды көчөгө чыгарып, кылмышкерди жазалоо талабы коюлду.

Окуядан кийин жергиликтүү тургундардан, бийлик жана түрк диаспорасынын өкүлдөрүнөн атайын комиссия түзүлдү.

Жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдары кылмышка уурдоо аракети себеп болгонун билдирүүдө. Казактандын Ички иштер министри Калмуханбет Касымов Бурылда абал жөнгө салынып, кылмышка шектүү адам камакта экенин, тергөө уланып жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG