Ссылки доступа

Кыргызстан “патриоттору” аялдарды коркутууда


Кыргызстанда чет элдиктер менен жолугушкан кыз-келиндерди мазактаган видеолор тынбай жарыяланып жатат.

Анда эркектер тобу аялдарды чечинтип, ур-токмокко, суракка алып, зордуктоого чейин барган учурлар кездешет. Буга чейин шылдыңга кабылган кыздардын бир жумага жетпей өз жанын кыйган.

Кыз-келиндерди мазактаган топ өздөрүн “патриоттор” деп аташат. Алардын бири дагы кылган иши үчүн кармалып, жоопкерчиликке тартыла элек. Мамлекеттик органдар аларды жазалоо менен алектенбегендиктен, “патриоттор” ээн-эркин жүрүшөт дешет байкоочулар. Тартип сакчылары бир гана жолу бул топтун “ишине” кийлигишкен. Күзүндө Москвада 28 жаштагы кыргызстандык жаран кармалып, ага карата кылмыш иши ачылганы белгилүү.

Коомчулукта “патриоттордун” аракеттерин колдогондор да жок эмес. Мындай көз караштагылар жогоркудай роликтерди чыгарбаса кыздар бузулуп кетет, деген пикирди карманышууда. Айрым байкоочулар Кыргызстан патриархалдык өлкө болгондуктан, эркектер арасында аялдарды адам катары көрбөгөндөр көп экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG