Ссылки доступа

Ташкенде салафизмдин колдоочулары соттолууда


Ташкен шаардык соту салафизмге тиешеси бар делген төрт жаранга байланышкан ишти кароого киришти.

Алар мыйзамсыз диний уюмдар жана коомдук бирикмелерге элди чакырган, диний багыттагы радикал материалдарды жайылткан, сактаган, даярдаган деп айыпталууда.

Айыпталып жаткандардын баары жаштар. Тыюу салынган «салафи» диний агымынын мүчөлөрү. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, алар коомдук жайларда, эс алуу мекемелеринде жана башка жерлерде өздөрүнүн көз-караштарын жайылтуу аракетин көрүшкөн.

Бирок актоочулар тергөө иштери жана сот учурунда айыпталуучулардын укуктары бузулганын айтып жатышат. Алгачкы суракта актоочу берилген эмес, балдар 2 жума мыйзамсыз убактылуу кармоочу жайда отурушкан.

Балдардын күнөөсү аныкталса, 10 жылдан 15 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG