Ссылки доступа

АКШ: Иранга Су-30 тик истребителин сатуу сунушу эл аралык эрежелерге каршы


АКШ Иранга Су-30 истребителин сатуу тууралуу Орусиянын сунушу Бириккен улуттар уюмунун курал-жарактарга тыюу салуу боюнча эмбаргосун буза турганын жарыялады.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Марк Тонердин айтуусунда, Су-30 истребителдерин сатуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин уруксатын талап кылат.

Расмий Вашингтон бул маселени Москва менен талкуулоону максат кылууда. Ошондой эле Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө сүйлөшүүлөргө катышканмамлекеттер аскердик техника боюнча чектөөлөрдү толук билүүгө тийиш деп эсептейт.

Аталган келишимге ылайык, Иранга алдыдагы 5 жыл аралыгында курал-жарак ташууга тыюу салынган.

Согуштук техника сатуу тууралуу кеп Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын Коргоо министри Хоссейн Дехга жолугушкан учурда козголгон. Тараптар эки мамлекеттин аскердик-техникалык кызматташтыгын ортого салышкан.

Иран орусиялык "Триумф" С-400 үлгүсүндөгү ракеталык-зениттик системаларды, Су-30 истребителдерин жана башка курал-жарактарды сатып алууга кызыкдарлыгын билдирип келет. Мындан тышкары Орусиядан "Бастион" ракеталык жабдыгын, Як-130 аскердик-машыгуучу учактарды, тик учмаларды, суу алдындагы атомдук эмес кемелерди алууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG