Ссылки доступа

Чеченстанда жаштарга руханий-адеп-ахлак боюнча паспорт бериле баштайт


Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун жаштарга руханий-адеп-ахлак тууралуу паспорт берүү тууралуу буйругу күчүнө кирди.

Чечен парламентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, ага ылайык 14 жаштан 35 жаштагы бардык жарандар руханий паспорт алууга тийиш. Анда ар бир адамдын жеке мүнөздөмөсү, улуту, кайсы уюмга кирери жазылышы керек деген талап коюлууда. Ошондой эле ал үчүн жооп берүүгө милдеттүү болгон адамдардын аты-жөнү да көрсөтүлөт.

Парламент депутаты Адам Маликов мектептердин бирине мындай паспорттун үлгүсүн тааныштырып, бул демилге диний чөйрөнүн өкүлдөрүнөн колдоо тапканын билдирди.

Анын баамында, азыркы тапта жаштар ар кандай экстремисттик топтордун чабуулуна кабылып, туура эмес маалыматтар менен баштары айланып, көпчүлүгү террордук уюмдарга тартылууда. Мындан улам убакытты кетирбей, террорчулук менен экстремизмдин түбүнө балта чабуу аракети көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG