Ссылки доступа

АКШ Сирияда атайын бөлүк жайгашкан жер тууралуу Орусияга кабарлады


Пентагон Орусияны Сириянын түндүгүндөгү райондорго абадан сокку урбоого чакырды.

Бул аймакта америкалык атайын бөлүктүн кызматкерлери өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топко каршы күрөшүп жаткан жергиликтүү аскерлерди машыктырууда. Азыр бул өтүнүч аткарылып жатканын France Presse агенттиги АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик-аба күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-лейтенант Чарльз Браунга таянуу менен кабарлады.

Былтыр Пентагон Сирияга 50гө чукул аскердик өкүлүн жиберип жатканын билдирип, бирок коопсуздукка байланыштуу алардын кайсыл жерде орун алганы жашыруун экенин жарыялаган. Азыр Орусияга алар турган жердин координаттары гана берилгени кабарланууда.

АКШ менен Орусиянын Коргоо министрликтери Сирияда эки тараптын кагылышуусунун алдын алуу үчүн бир нече ирет кеңешмелерди өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG