Ссылки доступа

Казакстан интернеттеги үгүт иштерин көзөмөлдөйт


Казакстандын Башкы прокуратурасы мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик жана кезектеги жергиликтүү шайлоолордун алдындагы үгүт өнөктүгүндө мыйзам бузуулардан алыс болууга чакырып, тескөө катуу болорун саясий партияларга эскертти.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, интернет аркылуу жүргүзүлгөн үгүт иштери жалпыга маалымдоо каражаттарына коюлган талапка жооп берүүгө тийиш.

Өлкөдө үгүт өнөктүгү 20-февралда башталып, 18-марттын түнүндө аяктайт. Коомдук пикирлердин жана башка изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, шайлоонун алдын ала божомолдорун добуш берүү күнүнө чейинки беш күн аралыгында жарыялоого болбой турганы эске салынды. Үгүт иштери болсо шайлоого бир күн калганда токтотулат.

Башкы прокуратура акыркы убакытта шайлоо учурунда интернет булактарында онлайн сурамжыроолор уюштурулуп, алардын жыйынтыктары жарыяланып жатканын билдирип, эми алардын жүрүшү, суроолору, буюртма бергендер, убактысы, пикирин билдирген колдонуучулардын саны тууралуу маалыматтар так көрсөтүлүшү керектигин айтууда. Казак мажилисине мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоо 20-мартка белгиленген.

XS
SM
MD
LG