Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө белгилүү ишкер өлтүрүлдү


“Зафар кембагал” деген каймана ат менен көпчүлүккө таанымал ишкер Зафар Азимовдун сөөгү өткөн түнү башкалаанын борборундагы Исмаил Сомони районунда жайгашкан «Наврузгох» комплексинин жанында табылды.

Бул күнү маркум Зафар Азимов менен “Сүйкүмдүү Эмом” деген ат менен белгилүү болгон дагы бир ишкер Эмом Максудовдун ортосунда чатак чыкканы кабарланууда. Азимов Дүйшөмбүдө ири ишкердик менен алектенип келген. Анын сөөгү Хамадон районуна, кичи мекенине жеткирилет.

ИИМдин басма сөз катчысы Жалолиддин Садриддин маалымдагандай, тергөө иштери башталып, кылмышка шектүү делген бир нече адам кармалып, иликтөө жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG