Ссылки доступа

Дүйнөлүк белгилүү бренддер түркмөн пахтасынан баш тартууда


h&m logo
h&m logo

Европадагы  эң ири   H&M швециялык  кийим компаниясы түркмөн пахтасын сатып албай турган болууда.

Аталган компания буга Түркмөнстандын пахта талааларында балдар кара жумушка тартылып жатканын жүйөө келтирди. Мындан тышкары өзү менен кызматташкан бардык өнөктөштөр да аталган өлкөдөн пахта алууну токтотууга милдеттүү экенин жарыялады. Болбосо алар менен алаканы үзөрүн эскертти.

Батыштагы белдүү компания Сириядан ташылган пахтага да тыюу салды. Ага чейин 2012-жылы Adidas, Puma жана Levi Strauss компанияларынан кийин өзбек буласын сатып алууга чек койгон. Кийинчирээк аларга IKEA, Walmart, Marks&Spencer жана Tesco кошулган эле.

Жакын арада түркмөн өндүрүшүнөн баш тарткан дүйнөлүк ишканалардын катары калыңдай турганы күтүлүүдө. Балдарды жана чоңдорду күчтөп иштетүүгө каршычыккан бейөкмөт уюмдар аларды Борбор Азиянын “ак алтынын ”албай коюуга чакырып келген. Азыр швециялык IKEA брендин дагы Түркмөнстандын пахтасын четке кагууга үндөп жатышат.

Cotton Campaign уюмунун маалыматы боюнча, расмий Ашхабад жыл сайын он миңдеген жаранды пахта талаасына мажбурлоо менен чыгарат.

XS
SM
MD
LG