Ссылки доступа

Ооганстанда дагы бир электр линиясы жардырылды


Талиптер Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясында өткөн түнү Тажикстандан Кабулга тартылган электр өткөргүч линиясынын дагы бир жерин жардырганын жергиликтүү бийлик кабарлады.

Муну менен ооган башкалаасын Тажикстандын энергиясы менен камсыздаган линияда экинчи ирет жардыруу уюштурулду. Буга чейин Өзбекстандан Кабулга 250 мегаватт энергия өткөрүлүп турган линияда жардыруу болуп, азыр оңдоп-түзөө иштери уланууда.

Баглан провинциясынын энергетика башкармалыгынын жетекчиси Гуломхусайн Хайдар тажик энергиясы ташылган линиядагы жардыруу тууралуу маалыматты ырастап, бирок бул өткөргүч аркылуу Кабулду электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабаганын билдирди.

"Брешно" компаниясынын басма сөз катчысы Вахидулло Тавхиди ордо калааны жарык менен камсыздоо маселеси жарым-жартылай чечилгенин, Тажикстандан ал жакка 100 мегаватт электр энергиясы жеткириле турганын кабарлады. Анын айтуусунда, ооган бийлиги электр жарыгын 150 - 180 мегаваттка көтөрүү өтүнүчү менен тажик тарапка кайрылды. Бирок бул сураныч Тажикстандын өзүндөгү курч энергетика каатчылыгы менен дал келүүдө. Расмий Дүйшөмбү былтыр 1-октябрдан тартып район жана элет элине электр энергиясын колдонууда чектөөлөрдү киргизген болчу.

XS
SM
MD
LG