Ссылки доступа

Президент Турат Акимовго кол салууну тыкыр иликтөөнү тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев журналист Турат Акимовго кол салуу окуясын тергөөнү өзү көзөмөлгө алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлап, ички иштер министри Мелис Турганбаевге журналистке кол салгандарды кармоо боюнча ыкчам чараларды көрүүнү, тыкыр тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимовго 20-февралга караган түнү Бишкектеги үйүнүн жанында белгисиз киши кол салган. Башына темир менен чаап, бирок журналист каршылык көрсөткөндөн кийин качып кеткен. Окуяда Акимовдун чыпалагы сынган. Ал кол салууну кимдер уюштурганын болжолдуу билерин белгилеп, муну жумушу менен байланыштырууда.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши ачылып, Биринчи Май райондук соту иликтөө баштады.

Журналист жана саясат талдоочу Турат Акимов оппозициялык маанайда макалаларды жазып жүрөт.

XS
SM
MD
LG