Ссылки доступа

Казакстандын кредиттик рейтинги түшүп кетти


Standard & Poor’s (S&P) агенттиги мунайзатка баалар арзандаганына байланыштуу Казакстан, Оман, Бахрейн, Сауд Арабиянын кредиттик рейтингдерин төмөндөттү.

Казакстандын рейтинги кескин ылдыйласа, Орусиянын абалы көңүл жубатарлык эмес.

Wall Street Journal маалымдагандай, соңку божомолдорго ылайык, Brent үлгүсүндөгү мунайзаттын бир баррели 2016-жылы 40 долларды түзсө, 2018-жылы 50 долларга барабар болот.

S&P агенттигинин баамында, жыл башында Катар, Орусия, Сауд Арабия, Венесуэланын өкүлдөрүнүн мунайзат өндүрүшүн убактылуу токтотуу чечими баага олуттуу таасирин тийгизбейт.

Казакстанда мунайдан түшкөн пайда ички дүң продукциянын 20 пайызын, салык кирешелеринин 50 пайызын жана экспорттун 60 пайызын түзөт. Мындан улам быйыл ИДПнын өсүшү начарлайт деген болжол айтылууда. Ошол эле маалда мунай өндүрүшү жана экспорту калыбына келтирилиши мүмкүн. Бирок бул үчүн оффшордогу Кашаган кени толук кандуу иштөөгө тийиш.

Өлкөнүн экономикасын колдоо үчүн 14,5 миллиард доллар жумшала турган болууда. Мунун айынан өкмөт 2016-2017-жылдары да салык тартыштыгын баштан өткөрөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG