Ссылки доступа

Тажикстанда талиптерге кошулууну көздөгөнчек арачы 17 жылга абакка кесилди


Тажикстандын Куляб шаардык аскердик соту чек арачы Фатхулло Файзуллозоданы 17 жылга эркинен ажыратты.

Ал Хамадон районундагы чек ара кошуунунда кызмат өтөп жаткан учурда Ооганстан менен аймактан мыйзамсыз өтүп, “Талибан” кыймылына кошулууга аракеттенген деп айыпталды.

Куляб аскердик прокуратурасы билдиргендей, териштирүү жабык өтүп, жоокердин күнөөсү толук далилденди.

Исфара шаарынын Мулдон кыштагынын тургуну Фатхулло Файзуллозода Тажикстандын чек ара кызматынын 2133-бөлүгүндө аскердик милдетин өтөп жаткан учурда качып кетип, Ооганстандын полициясы тарабынан кармалган. Кийинчерээк тажик бийлигине өткөрүлүп берилген.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал бир нече жылдан бери Ооганстанда жүргөн бир тууган агасынын кеңеши менен мекенинен кетүүнү көздөгөн. Сурак маалында мурда “Ансорулло” экстремисттик уюмунун мүчөсү болгонун моюнга алган. Ал эми ооган укук коргоо органдарына колго түшкөн кезде Тажикстанда диний китептерди окууга жана сыйынууга уруксат берилбегендиктен, талиптердин катарына кошулууга аракеттенгенин айтып бергени маалым болду.

XS
SM
MD
LG