Ссылки доступа

Кытайда өлүм жазасына тартылган кыргызстандык аялдын сөөгү алып келинди


Кытайда маңзат менен кармалып, өлүм жазасына тартылган кыргызстандык Светлана Кулбаеванын сөөгү Бишкекке алып келинип, 20-февралда уулуна өткөрүлүп берилди.

Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, маркумду алып келүүгө өкмөт көмөктөштү.

Чүй облусунун тургуну Светлана Кулбаева 2010-жылы Кытайда 7 килограммдан ашуун маңзат менен кармалган. Ага өлүм жазасы өкүм кылынып, быйыл 4-февралда ийне саюу менен жүзөгө ашырылган.

Буга чейин тажикстандык 51 жаштагы ишкер Хасан Юсуфов дагы баңгизат аткезчилиги менен айыпталып, ушундай эле ыкмада Кытайда өлүм жазага тартылган эле. Анын сөөгү Үрүмчүдөн Дүйшөмбүгө 3-февралда жеткирилген.

XS
SM
MD
LG