Ссылки доступа

Казакстанда эки журналист камакка алынды


Алматада бүгүн Казакстандын журналисттер бирлигинин төрагасы, Улуттук басма сөз клубунун башчысы Сейтказы Матаев жана КазТАГ агенттигинин жетекчиси Асет Матаев кармалды.

"Адил сөз” укук коргоо уюму билдиргендей, камакка алынгандар маалымат жыйын курууга камданып жаткан. Бирок ага бир жарым саат калганда укук коргоо органдары кармап кетишкен.

Натыйжада маалымат жыйынга “Адил сөз” уюмунун жетекчиси Тамара Калеева менен журналист Ермурат Бапи катышып, аны уюштургандардын камакка алынганын кабарлашты. Маалыматка караганда, Сейтказы менен Асет Матаевдерди Жемкордукка каршы күрөш боюнча улуттук кызматтын өкүлдөрү алып кетип, суракка алууда. Сейтказы Матаевдин телефону өчүрүлүп, Асет Матаев болсо чалууларга жооп бербей жатат.

Бийлик Сейтказы Матаевди мамлекеттик ири каражатты уурдап, Алматадагы басма сөз клубду мыйзамсыз оңдоп-түзөгөн деп күнөөлөсө, Асет Матаев мамлекеттик буюртмаларды алууда чоң суммадагы акчаны сол капчыкка сологон деген айыпталууда. Алар тараткан билдирүүдө, коюлган айыптар четке кагылып, эч кандай мыйзамсыз кадамдарга барбаганы айтылат. Ошондой эле буга чейин электрондук даректерин бузуу аракеттери көрүлүп, телефондору тыңшоодо болгону да жазылган.

Укук коргоо органдарынын аракеттери бийликтин бейөкмөт уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүүсү, журналисттерге тоскоол кылуу, сөз эркиндигин, маалымат таратууну чектөө катары бааланган.

XS
SM
MD
LG