Ссылки доступа

Өзбекстанда окуучу кыздар гинекологиялык текшерүүдөн өтүүгө мажбур


Өзбекстандын Хорезм облусунда 6-9-класстардын окуучулары гинеколог-дарыгердин текшерүүсүнөн жапырт өткөрүлүүдө.

Үргөнч шаарындагы №9 орто мектептин мугалимдеринин бири буга облустук Элдик билим берүү башкармалыгынын кыздардын саламаттыгын текшерүү тууралуу буйругу себеп болгонун кабарлады. Ага ылайык, окуучу кыздар ультра толкундуу иликтөөдөн өтүп жатышат.

Мектеп жашындагы үч кыздын энеси, Үргөнч шаарынын жашоочусу Норжон медициналык кароо жашы жете элек кыздардын арасындагы кош бойлуулуктун алдын алуу максатын көздөй турганын билдирди.

Хорезмде окуучу кыздарды текшерүү ата-энелердин уруксатысыз, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө мажбурлоо менен жүргүзүлүп жатканы да айтылууда. Анткен менен Үргөнчтөгү №6 мектептин жетекчилиги ата-энелерге жалпы чогулуштар өткөрүлүп, түшүндүрүү жүргүзүлгөнүн, алардын макулдугу алынганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG