Ссылки доступа

Тажикстан: жаштар оппозиция башчыларын мекенине кайтарууну талап кылышууда (видео)


Дүйшөмбүдө Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнүн алдында башталып, Түркиянын элчилигинин жанында уланган каршылык акцияга ондогон жаштар чогулуп, оппозиция лидерлерин Тажикстанга кайтаруу талабын коюшту.

Алар Батыш жана Түркиядан оппозиция өкүлдөрүнө башпаанек бербей, Тажикстанга экстрадициялоону суранышты.

Буга чейин алар Евробиримдиктин дипломаттары менен жолугушууну өтүнүшкөн. Мындай талаптан майнап чыкпаганда, жаштар “Евробиримдик, калктын чыккынчыларын мекенине кайтар!” деген чакырык ташташты. Кээ бирлери айдоочуларды токтотушуп, алардын автоунаасынын белгилерин баскылашып, дипломаттарды чыгууга үндөп жатышты.

“Коом пионерлери” уюмунун жетекчиси Ахмадхужа Давлатов өздөрүнүн митингге чыгуусун оппозициянын Анкара шаарында азыркы тажик бийлигине каршы акция уюштуруу максаты менен байланыштырды. Анын айтууусунда, жаштар чет мамлекеттеги оппозициянын аракеттерине каршылык билдирип жатышат.

20-февралда Дүйшөмбүдөгү Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнүн жанында да ушул эле топтун нааразылык акциясы өтүп, анда Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабирини кайтаруу талабы жаңырган болчу.

Мындай митингдерди тажик бийлиги уюштурган деген маалымат айтылууда. Расмий Дүйшөмбү Мухиддин Кабирини жана анын партиясын былтыр сентябрда генерал Абдухалим Назарзода уюштурган куралдуу козголоңго тиешеси бар деп күнөөлөп келет. Кабири болсо мындай айыптар менен макул эмес.​

29-сентябрда Жогорку сот аталган партияны террордук жана экстремисттик уюмдардын катарына кошуп, өлкөдөгү ишмердигине тыюу салган.

XS
SM
MD
LG