Ссылки доступа

Amnesty International: Орусия Сирияда аскердик кылмыш жасоодо


Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Орусияны Сирияда аскердик кылмыштарга барып жатат деп айыптады.

Буга акыркы жумаларда орусиялык согуштук учактар карапайым жашоочулар менен куткаруучуларга билип туруп сокку урду деген маалыматты мисал келтирүүдө.

Sky News телеканалына берген маегинде аталган уюмдун кризистик программасынын директору Тирана Хасан аба соккулары мектеп, оорукана жана башка турак-жайларга жасалып жатканын билдирди. Анын айтуусунда, жарандык объектилерди бомбалоонун өзү аскердик кылмыш болуп эсептелет. Ошол эле маалда мындай окуялар кайталанып, бул жерлерге кайра сокку урулууда. Алардын кесепетинен жай тургундар менен гуманитардык миссиянын кызматкерлери каза таап, жаракат алып жатышат.

15-февралда Сириянын Алеппо шаарындагы бомбалоодон кийинки бөлүгү тартылган видео жарыяланган. Анда куткаруучулардын Орусиянын чабуулунан мерт кеткен 5 жашар баланын сөөгүн алып чыгуу аракети көрсөтүлгөн. Окуя оппозиция көзөмөлдөгөн аймакта болгон.

Куткаруучулардын билдирүүсүндө, жарандык объектилер күн сайын соккуга кабылып жатат. Тыюу салынган кассеталык бомбаларды колдонгон учурлар да жок эмес.

XS
SM
MD
LG