Ссылки доступа

Сириядагы элдешүү планы жарыяланды


Орусия менен АКШ Сириядагы атышууларды токтотуу планы 27-февралдын түнүндө күчүнө кире турганын билдиришти.

Эки мамлекеттин биргелешкен кайрылуусунда элдешүү ниети өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топко, “Аль-Каида” менен байланышы бар "Фронт аль-Нусрага" жана башка БУУ тарабынан террордук деп табылган уюмдарга тиешеси жоктугу айтылат.

26-февралда эки жаатка бөлүнүп согушуп жаткан тараптар тынчтык келишимин колдойбу же жокпу, көз карашын билдирүүгө тийиш.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун бул аракетти кубаттап, бардык тарапты ага кошулууга чакырды. Орусия президенти Владимир Путин аталган келишим Сириядагы кан төгүүлөрдү токтотууга өбөлгө түзөрүн белгилесе, АКШ аны ишке ашыруу оор болорун божомолдоп, бирок жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кабарлады.

XS
SM
MD
LG