Ислам Каримов 9-февралда “Дени сак эне жана баланын жылы” аттуу мамлекеттик программаны бекиткен. Ага ылайык, Өзбекстанда “Азык-түлүктөрдүн коопсуздугу жана сапаты тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, балдардын тамак-аштарына гендик модификацияланган заттарды кошууга тыюу салына турган болууда. Ошону менен бирге өзбек өкмөтү мындай чектөөлөрдү бардык азык-түлүктөргө киргизүүгө ниеттенүүдө.
Гени өзгөртүлгөн азыктар адамдын организми үчүн зыяндуу. Анын кесепетинен кан айлануу бузулушу мүмкүн. Мындай тамак-ашты колдонгон адамдар онкологиялык илдеттерге көп кабылат. Ошондой эле организм дары-дармектерди кабыл албай, сакайуу оорго турат.