Ссылки доступа

Казакстанда жарандык активист үй камагына чыкты


Алматанын тергөө абагында камакта отурган жарандык активист Ермек Нарымбаев үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу анын жубайы Зоя Абильдина билдирди. Нарымбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн тергөө абагынан да ырасташты. Үй камагында ага интернет колдонууга, журналисттер менен баарлашууга уруксат берилди.

Ермек Нарымбаев 22-январда Алматада үч жылга соттолуп, бирок кийинчерээк кылган ишине өкүнүчү тууралуу маалыматы интернетке тараган.

Анын адвокаты Жанар Балгабаева коомчулуктун муну билиши маанилүү деп эсептеп, ал дагы бир жарандык активист Серикжан Мамбеталин сыяктуу кадамга барганын кабарлаган.

Эки активист бир эле иш боюнча айыпталып, Серикжан Мамбеталинге эки жыл, Ермек Нарымбаевге үч жыл берилген эле. Мамбеталин бир нече жумадан кийин күнөөсүн моюнга ала турганын билдирип, абактан чыккан.

Аларга кылмыш кодексинин 174-беренеси боюнча, “социалдык, улут аралык, расалык жана диний чатакты козуткан”, деген айыптар тагылып, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомдук-саясий ишмердүүлүк менен беш жылга чейин алектенүүгө тыюу салынган болчу. Активисттер алгач өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагышкан. Укук коргоочулар да муну саясий негиз менен байланыштырышкан.

XS
SM
MD
LG