Ссылки доступа

Казакстанда Матаевди колдоо максатында кол топтолууда


Камакка алынган Казакстан журналисттер бирлигинин төрагасы, Улуттук басма сөз клубдун жетекчиси Сейтказы Матаевди колдоо боюнча кол топтолууда.

Башкы прокуратурага жолдоно турган кайрылууга 200дөн ашык адам кол койду. Журналисттер социалдык түйүндөрдө Матаевге жан тарткан билдирүүлөр мен бөлүшүүдө.

«Адил сөз» укук коргоо уюму билдиргендей, кайрылууда Башкы прокуратурадан Матаевдердин ишин өзгөчө көзөмөлгө алып, аны иликтөөдө ачык-айкындуулукту камсыздоо өтүнүчү камтылган.

Сейтказы Матаев жана анын КазТАГ агенттигин жетектеген уулу Асет Матаевди кечээ Алматадагы Жемкордукка каршы күрөш боюнча улуттук кызматтын өкүлдөрү алып кетишкен.

Бийлик аларды мамлекетке зыян келтирген, чоң суммадагы акчаны өздөрүнө чегерип алган деп айыптоодо. Ал эми журналисттер буга макул болбой, эч кандай мыйзамсыз кадамдарга барбаганын айтышты.

Укук коргоо органдарынын аракеттерин бийликтин бейөкмөт уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүүсү, журналисттерге тоскоол кылуу, сөз эркиндигин, маалымат таратууну чектөө катары баалап жатышат.

XS
SM
MD
LG