Ссылки доступа

Тажикстанда экстремисттердин видеосун жактырган 14 киши кармалды


Тажикстандын Йавон чөлкөмүнүн 14 жашоочусу "Одноклассники" социалдык тармагындагы ашынган исламчылардын видеосун "жагат" деп белгилегенден кийин суракка тартылды.

Район акимчилигинин өкүлү ал видеодо тажиктерди “Ислам мамлекети" радикал уюмуна кошулуу чакырыгы ташталганын билдирди. 10 киши сурактан кийин коё берилди, калган төртөө камакта кала берүүдө.

Расмий маалымат боюнча, радикал согушкерлердин катарын толуктоо үчүн Ирак менен Сирияга бери дегенде миң тажикстандык кеткен. Бийлик жихадчылар барган сайын көбүрөөк жаш тажиктерди тартып жатышканына тынчсызданууда.

XS
SM
MD
LG