Ссылки доступа

Сирия президенти парламенттик шайлоо күнүн жарыялады


Сирия президенти Башар ал-Асаддын 22-февралдагы жардыгына ылайык парламенттик шайлоо 13-апрелге белгиленди.

Шайлоо Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин 18 айлык өткөөл мезгилде парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндөгү чечимин аткарууга багытталганы-багытталбаганы азырынча белгисиз.

Бирок 2012-жылы шайланган Сирия парламентинин мөөнөтү май айында аяктап жаткандыктан, парламенттик шайлоо кандай болбосун өткөрүлүш керек. Апрель айына белгиленген шайлоо тууралуу жардыкта ар бир провинцияга парламентте орун берилген.

XS
SM
MD
LG