Ссылки доступа

Кыргыз балбандары Азия чемпиондугунан ийгиликтүү кайтышты


Кыргызстандык балбандар Бангкокто өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда үч алтын, эки күмүш, беш коло байгенин ээси болушту.

Мелдештер 17-21-февраль күндөрү өттү. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, грек рим күрөшүнөн Каныбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжеев алтын медаль тагынышса, Мурат Рамонов күмүш байге алды . Руслан Царев менен Үзүр Жусупбеков коло байгеге ээ болду.

Кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык үч балбан кыз күч сынашууга чыгып, алардын арасынан 58 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова финалда казакстандык Айым Абдилдинаны утуп, чемпинон аталды.

Эркин күрөштөн Магомед Мусаев 97 килограммга чейинки салмакта финалга чыгып, ирандык Реза Мохаммад Али Язданиге жеңилип күмүш байге алды. Ошондой эле эркин күрөшчүлөр Саякбай Усупов, Улукбек Жолдошбеков жана Айаал Лазарев коло медалын тагынышты.

XS
SM
MD
LG