Ссылки доступа

Өзбекстанда “Гитлер” атка конгон аким камакка алынды


Ташкен облусунун мурдагы акими Ахмаджон Усмановго кылмыш иши козголуп, убактылуу камакка алынды.

Бул тууралуу “Азаттык” үналгысынын өзбек кызматы укук коргоо органдарындагы жашыруун булактарга таянуу менен кабарлады. Маалыматка караганда, мурдагы облус жетекчисин 21-февралда Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап кетишкен. Азыр ал сурак берүүдө.

Мурдагы аткаминерге козголгон кылмыш иши тууралуу так маалымат жок. Бирок Усманов күбө же шектүү катары тергелип жатканы айтылууда.

Ахмаджон Усманов 4-февралдагы Элдик депутаттар кеңешинин кезексиз жыйынында ээлеген кызматынан алынган. Ага чейин президент Ислам Каримов анын дарегине бир топ сындарды айткан. Ошондон тартып жалпыга маалымдоо каражаттарында Усмановду каралоо аракеттери башталганы байкалган. Усманов Анжиян окуяларынан кийин Ташкен акимчилигин башкарып, жергиликтүү тургундарга катаал адам катары белгилүү болгону, анын башкаруусу учурунда камакка алуулар күчөп, эл арасында «Гитлер» атка конгону кабарланган. Мамлекеттик маалымат каражаттары мурдагы аткаминердин ишине президенттин нааразылыгын, кызматын аркалаган учурда эл үмүтүн актабаганын, жаңы жумуш орундарын түзбөгөнүн эске салган.

Ахмаджон Усманов Өзбекстанда акыркы үч ай аралыгында кызматтан алынган экинчи губернатор болуп калды. Былтыр ноябрда Каримов Намангандын акими Бахадыр Юсуповду ордунан бошоткон эле.

XS
SM
MD
LG