Ссылки доступа

Диний окуу жайларды аттестациядан өткөрүү башталат


Кыргызстандагы медреселер жана дин ишмерлерин аттестациялоо бүгүндөн тарта өткөрүлөт.

Муфтияттын алдындагы аттестациялык комиссия билдиргендей, 2014-жылы киргизилген эреже боюнча медресе башчылары диний жогорку билимге ээ экенин тастыктаган дипломдуу болууга тийиш.

Кыргызстанда жалпысынан 10 жогорку диний билим берүүчү жай жана 92 медресе каттоодон өткөн. Дин иштери боюнча комиссиянын төрага орун басары Бактыбек Осмоновдун билдиришинче, диний окуу жайлардын башчыларынын дээрлик баары аттестацияга кабыл алынбай калды. Көбүнчөсүнүн светтик жогорку билими жок болгондуктан документ тапшыргандардын 92 пайызы аттестацияга кабыл алынган жок. Андан сырткары 483 мугалим документтерин тапшырган, ошолордун 42 пайызы да тизмеге кошубады.

Бир ай ичинде аттестациялык комиссия медреселердин окутуу стандарттарын, ал эми медресе башчыларын араб тилин билүүсүн, мамлекеттик жана диний мыйзамдар боюнча сабатын текшерүүгө алат. Аттестациядан өтүү тууралуу алдын ала арыз менен Кыргызстандагы 101 медресенин ичинен 72 медресе башчылары кайрылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний жогорку билими тууралуу диплому жок медресе башчыларын кызматтан бошотуу тууралуу сунушун муфтиятка жолдомокчу. Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын жетекчи орун басары Замир ажы Ракиев аттестациянын максаты адамдардын диний билим деңгээлин жогорулатууга багытталганын билдирди. Анын баамында, азыр радикализм-экстремизм коомго жайылып кетти. Диний билимсиздиктен, өзүбүздү өзүбүз көзөмөлдөй албай калгандан улам Сирияга бир топ жарандар кетип калды.

Президент Алмазбек Атамбаев ашкере исламдашуунун, диний фанатизмдин түбү сабатсыздыкка барып такаларын айтып келет.

XS
SM
MD
LG