Обаманын президенттик мөөнөтү 2017-жылдын январында аяктайт.
Кубадагы АКШнын аскерий абагын жабууну Обама 2008-жылы президенттикке ат салышып жаткан учурда убада кылган. Бирок мыйзам чыгаруучулар анда кармалгандары АКШдагы башка абактарга которууга каршы чыгып койгон.
Пентагондун бул абакты жабуу планы боюнча, анда кармалып тургандардын 35и башка өлкөлөргө өткөрүлүп берилет. Калган 60тай киши АКШнын аймагындагы башка абактарга которулат. Планды ишке ашырууга 290 миллиондон 475 миллион доларга чейин каражат сарпталышы мүмкүн.
АКШнын Кубадагы Гуантанамо абагында терроризм боюнча айыпталып сотттолгондор кармалат.