Досаевдин айтымында, мунайдын орточо жылдык баасы эл аралык каржы уюмдардын божомолуна байланыштуу 40 доллардан 30 долларга ылдыйлап, теңгенин долларга карата наркы ноябрга салыштырмалуу 300 теңгеден 360 теңгеге көтөрүлгөн.
Казакстанда өндүрүш-инновациялык долбоорлор бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ишке ашырылат жана бул боюнча мамлекеттик программа мартта аяктоого тийиш.
Министр өкмөт 2025-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү багытындагы жаңы стратегиялык планды иштеп чыгарын, анткени Казакстандын экономикасы жаңы шартта иштеши керектигин кошумчалады.