Ссылки доступа

Ташкенде кыймылсыз мүлк каттоосу бар жарандарга гана сатылат


Президент Ислам Каримовдун 10-февралда жарыяланган токтомуна ылайык, Кыймылсыз мүлк жана автоунаа каражаттарын иштетүү тартиби тууралуу жобого толуктоолор киргизилди.

Анын негизинде Ташкен облусунда жана башкалаада жайгашып, сатыкка коюлган мүлк боюнча аукциондорго каттоосу барлар гана катыша алат.

Өзбекстандын мыйзамы боюнча башка аймактарда жашаган жарандарга Ташкенде турак-жай сатып алууга мүмкүнчүлүк берилбейт.

Ташкенде туруктуу каттоого турууга калктын 12 категориясына гана уруксат берилген. Башкалар борбордо убактылуу гана каттоого алынат. Былтыркы жылдан бери Ташкенде убактылуу каттоону алуу убактылуу токтотулуп,бул маселе коомдо катуу талкуу жараткан. Февралдан тарта убактылуу каттоого кайрадан уруксат берилди.

XS
SM
MD
LG