Ссылки доступа

Дүйнөлүк төрт держава Сириядагы тынчтык келишиминин аткарылышын көзөмөлдөйт 


Франциянын президенти Франсуа Олланд АКШ, Германия жана Улуу Британия менен биргеликте Сирияда тынчтык орнотуу боюнча келишимдин аткарылышына тыкыр байкоо сала турганын жарыялады.

Олланддын айтуусунда, төрт мамлекеттин жетекчилери бул маселени талкууга алышып, анын жыйынтыгында Сириядагы кан төгүүлөргө чекит коюуга чакырган биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Анда тараптар Сирия президенти Башар Асадды гуманитардык жүктөрдү жеткирүүгө жардам берүүгө үндөштү. Мындай чакырык Асаддын өнөктөшү болгон Орусияга да тиешелүү.

"Антпесе, качкындардын агымы мындан да күчөп, Түркия болуп көрбөгөндөй гуманитардык каатчылыкка кабылат», - деп белгиледи Олланд.

Талкуунун алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы ок атууларды токтотуу жараянын создуктурбоо керектигин айтып, узакка уланып кете турган болсо аталган өлкөнүн аймактык бүтүндүгү сакталбай калышы ыктымалдыгын маалымдады.

Шейшембиде Сирия президенти Башар Асад АКШ менен Орусия макулдашкан тынчтык келишиминин шарттарын кабыл алды. Бул келишим 27-февралда күчүнө кирет. Ошол эле маалда Дамаскта өкмөттүк күчтөргө кол салуу болгон учурда жооп кайтаруу укугу калды.

XS
SM
MD
LG