Ссылки доступа

Өзбек чек арачылары уурдалган малды кайтарышты


Жыл башында Араван районунун Кум-Бел аймагынан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык койчунун 332 коюн Өзбекстанга айдап кирип кетишкен.

Өзбекстандын чек арачылары менен сүйлөшүүнүн натыйжасында, 146 кой Кыргызстанга кайтарылды. Кийинчерээк дагы 80 кой, үч эчки жана 17 козуну өткөрүп беришти.

Чек ара кызматы маалымдагандай, мал уурдоого шектелип үч киши кармалган, алардын бирөө издөөгө алынды. Кармалгандардын экөө кыргызстандык жарандар, бирөө өзбекстандык.

XS
SM
MD
LG