Ссылки доступа

Босния муфтийи Даиштин коркутуусунан кийин коопсуздугун камсыздоону суранды


Муфтий Хусейин Кавазович "Ислам мамлекети" деп аталган террордук топтун мүчөсүнүн коркутууларынан кийин бийликке кайрылып, коргоону өтүндү.

“Бийлик институттары бул маселени колго алат деп үмүттөнөбүз”,-деп айтылган муфтияттын билдирүүсүндө. Бул кайрылуунун алдында Босния маалымат каражаттарында видеотасма жарыяланып, анда босния тилинде сүйлөгөн адам Даиштин желегинин астында туруп, Кавазович “мууздала” турганын билдирген.

Босниянын коомдук FTV каналынын маалыматы боюнча, видеотасмадагы адам 2014-жылы Даишке кошулуп кеткен босниялык Амир Селимович. Босниянын ички иштер министри Драган Мектич коркутууга олуттуу маани берип, коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн билдирди. Бийликтин маалыматы боюнча, 200дөй босниялык Ирак жана Сириядагы экстремисттик топторго кошулуп кеткен. Алардын ичинен 50сү өлүп, 26сы мекенине кайтып келген.

XS
SM
MD
LG