Ссылки доступа

Amnesty International Тажикстанда оппозициянын куугунтукталышына бушайман


Эл аралык Amnesty International уюму адам укугунун сакталышы боюнча Тажикстанды “өзгөчө көңүл бөлө турган” мамлекеттердин катарына кошту.

Уюмдун маалыматы боюнча, былтыр жана быйылкы жыл башынан бери тажик бийлиги өлкөдөгү гана эмес, чет жактагы оппозиция өкүлдөрүн куугунтуктоону күчөттү.

Өткөн жылы бир нече саясий активисттер уурдалып, мекенине экстрдицияланып, аларга диний экстремизм боюнча айыптар тагылды.

Былтыр сентябрда Жогорку Сот Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердигине тыюу салып, аны террордук уюмдардын катарына киргизди. Ошол эле айда партиянын башында турган он үч мүчөсү камакка алынды.

Amnesty International уюмунун билдирүүсүндө, Тажикстанда кыйноолор жана куугунтуктун башка түрлөрү көндүм адатка айланган. Актоочу Бузургмехр Еров камакка алынардын алдында Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасынын орун басарыСаидумар Хусайндын абакта запкы тартканын билдиргенин мисал келтирди.

2015-жыл Тажикстандагы юристтер үчүн оор болгону, жыл башында актоочу Шухрат Кудратов тогуз жылга эркинен ажыратылганы да эске салынган.

Мындан тышкары уюм Тажикстанда сөз эркиндиги чектелип жатканына тынчсызданууда. Маалыматка караганда, өткөн жылы бир катар социалдык түйүндөр менен маалымат сайттары жабылган. Бийлик мунун чоо-жайын азырга чейин түшүндүрүп бере элек.

XS
SM
MD
LG