Ссылки доступа

Казакстанда адам укуктары боюнча абал начарлоодо


Amnesty International уюму Казакстанда былтыр адам укуктары боюнча абал начарлаганын билдирди.

Укук коргоочулардын айтуусунда, өткөн жылы январда Кылмыш кодексиндеги “элди бөлүп-жаруу” тууралуу беренеге толуктоо киргизилип, анын шылтоосу менен бир катар жарандык активисттер күнөөлөндү.

Уюмдун баяндамасында былтыр жыл этегинде социалдык түйүндөгү өздүк баракчаларына чуулгандуу китептен үзүндү жарыялаганы үчүн “социалдык чатакты козуткан” деген айыптар менен соттолуп, бирок кылган иштерине өкүнө турганын билдиришкенден кийин бошотулган жарандык активисттер Серикжан Мамбеталин жана Ермек Нарымбаевдин тагдыры жазылган.

Мындан тышкары адам укугуна байланышкан абалдын начарлоосу бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен да байланыштуу экени айтылат.

Астана былтыр Орусияны улай эле коммерциялык эмес уюмдарга келип түшкөн бардык каражаттар мамлекеттик көзөмөлдөн өтүүгө тийиш деген чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG