Ссылки доступа

Тажикстанда биринчи жолу "жихадчы" аял соттолду


Дүйшөмбүнүн Исмоил Сомони райондук соту бүгүн баш калаанын 34 жаштагы тургуну Зарина Сардорованы Сириядагы согушка катышканы жана жаштарды ага үгүттөгөнү үчүн 13 жылга эркинен ажыратты.

Өкүмдү окуган судья эки баланын энеси Зарина Сардорова былтыр жыл башында Түркиянын Газиянтеппа аймагы аркылуу Сирияга өтүп, Дайр-ул-Зар провинциясында 8 ай болгонун айтты. Кийин бул аймакта айыгышкан согуш жүрүп кеткенде ал кайра Түркияга өтүп, Дүйшөмбүгө кайткан. Тергөө учурунда ал «Одоклассники» социалдык тармагында Парвина Аминова деген ат менен баракча ачканы, анда жихадга үндөгөн чакырыктар бар экени белгилүү болгон. Баракчага өзүнүн автомат кармап турган сүрөтүн да жайгаштырган.

Сардорова былтыр октябрда Дүйшөмбүнүн эл аралык аэропортунан кармалып, кылмыш иши козголгон.

Тажик бийликтери буга чейин өлкөнүн миңге жакын жараны Сирия жана Ирактагы согушуп катышып жүргөнүн билдирген. Өткөн айда өкмөт жыйынында ушул маселе боюнча сүйлөгөн президент Эмомали Рахмон Сирия менен Иракка Тажикстандан 146 үй-бүлө кеткенин, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын 21 студенти да "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунунун катарына кошулганын айткан.

XS
SM
MD
LG